11-ноябрга карата аба ырайы: Кыргызстанда кургак жана шамал болот

Кыргызгидромет жума, 11-ноябрга карата аба ырайы тууралуу билдирди.

Кыргызстанда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 12 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8

Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 7…+9° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 5…+7° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий