1-декабрда Кыргызстанда кар жаайт


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/12/speech-81390-1669865246-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызгидромет бейшемби, 1-декабрга карата аба ырайы тууралуу билдирди.

Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Тоо этектеринде жана тоолуу автожолдордо кар күрткүсү, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5

Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8

Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1.

Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы -1…+1

Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий