Жыл ичинде борбордо 528 айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен – ПМКБ

ИИМдин Патркльдук милиция кызматынын башкармалыгы (ПМКБ) жыл ичинде борбор калаада 528 жол кырсыгы катталып, кылмышкерлер кырсык болгон жерден качып кетишкенин билдирди.

Анын ичинен 303 факты издөө бөлүмү тарабынан ачылып, калгандары боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга байланыштуу, ПМКБ издөө бөлүмү жарандарды милицияга чалып же кырсыкка күбө болсо 0 (509) 102-122 WhatsApp номуру аркылуу билдирүүнү өтүнөт.

Кошумчалай кетсек, басма сөз кызматы Бишкек шаарында «Коопсуз шаардын» камералары толук орнотула электигин эске салды. Шаардыктар жана борбордун коноктору өздөрүнүн билдирүүлөрү менен кылмышкерди издөөгө жардам бере алышат. Ал эми кырсыкка күнөөлүү болуп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуларга 10 миң сом айып салынат

Добавить комментарий