Жыл башынан бери Кыргыз Республикасында 185 адам тамак-аштан ууланган

Кыргызстанда тамак-аштан ууланган учурлар көбөйдү. 2022-жылдын башынан бери тамак-аштан уулануу боюнча 51 учур катталып, 185 жаран жабыркаган.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана тамак-аш ооруларын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Азамат Имакеев маалымат жыйынында билдирди.

«Тамактан 5 массалык уулануу катталып, 117 адам жабыркаган. Алардын биринчиси апрель айында Ысык-Көл облусунда болгон. Анда мектеп окуучулары ууланып, алар «Алиппе күнү» майрамынан кийин каймактан жасалган пирожное жешкен. Кадамжайдагы кафелердин биринде дагы беш мектеп окуучусу ууланды. Бир кыздын туулган күнү болуп, алар суши жана роллы жешкен», – деди Азамат Имакеев.

Ошондой эле, 1-майда Ош облусунда (56 адам жабыркаган), 5-майда Бишкек шаарында (11 адам жабыркаган), 10-майда Сүлүктү шаарында (34 адам) катталган.

«Жай келди, тамак-аш тез бузулат. Аларды сактоо жана жарактуулук мөөнөтү боюнча жөнөкөй эле элементардык эрежелерди сактоону суранабыз», – деп кошумчалады ал.

Добавить комментарий