Жети-Өгүз: баңгизаттын ири партиясы табылды

Укук коргоо кызматкерлери Жети-Өгүздүн тургунунан ири көлөмдөгү баңгизат партиясын таап алышкан. Кылмыш иши козголду.     

Жети-Өгүз райондук соту 46 жаштагы Д.К.ны «Баңги заттарын сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

Такталгандай, үйдү тинтүү учурунда Д.К.да 8 килограмм 325 грамм марихуана табылган.

«Соттун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, баңгизат анын досуна таандык, экинчиси андан кыска убакытка сактоосун суранган. Д.К. 10 жылга эркинен ажыратылып, 110 миң сом айып пул салынды. Айыпталуучу сот залында камакка алынды. Экинчи инстанция Жети-Өгүз райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды», – деп билдирди редакцияга.

Добавить комментарий