Жалал-Абад областында жаш жигит он алты жашка толо элек менен жыныстык катнашка жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер үчүн үч жылга эркинен ажыратылды. Бул чечимди 2020-жылдын, 27-февралында, Жалал-Абад облустук сотунун башкармалыгы чыгарган.
Ал сот тергөө органдарынын айтымында, 2018-жылдын 14-октябрынан тартып, 25-декабрына чейин 2003-жылы 14-октябрда туулган, анын 16 жашка толо элек экенин билип туруп, жашы жете элек жаш кыз менен жыныстык мамиле түзгөн.
Айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин «он алты жашка толо элек адам менен жыныстык жана башка сексуалдык катнашуулар.» деген 132 беренеси боюнча укук бузууларды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. өкүмүндун чыкаруусунан кийин кылмышкер камакка алынды.