Жалал-Абад шаардык ооруканасында коронавирус жуктурган бир да бейтап калган жок

Жалал-Абаддагы дарыгерлер жалпы жонунан 854 адам менен иш алып барган. Азыркы тапта шаардагы обсервацияда бир эле адам бар.

Жалал-Абад шаарында коронавирус аныкталган бейтаптын баары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ооруканада бир да адам калган жок. Бул тууралуу шаар мэри Мураталы Тагаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, шаарда обсервацияда бир эле киши калган.

«Обсервациядагы кишинин анализдери жакшы чыкса экен деп тилеп жатабыз. Бул илдет алгач шаарга жакын Сузак районунан катталган. Жалпы жонунан, биз дарыгерлер болуп 854 адам менен иштешип чыктык», — деди Тагаев.

Добавить комментарий