Жакартада кырсык болду: жүк ташуучу унаа аялдаманы сүздү. Балдардын арасында каза болгондор бар (ФОТО)

Индонезиянын борборунда жүк ташуучу унаа мектептин жанындагы аялдаманы сүзүп кетти. Болжол менен онго жакын каза болгондордун бардыгы башталгыч класстын окуучулары болгон деп жазат AP.

Белгиленгендей, 20 окуучу мектеп автобусун күтүп турган учурда Жакартанын четиндеги аялдамага темир ташыган жүк ташуучу унаа кирип кеткен.

Ошондой эле жүк ташуучу унаа телекоммуникация мамысын сүзүп, мотоциклдер менен пикапты басып калып, пикаптын айдоочусу каза болгон.

Жакарта жол полициясынын директору Латиф Усман билдиргендей, полиция иликтөө иштеринин алкагында жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармады. Кырсыктан аман калган жабырлануучулар эки аймактык ооруканага жеткирилген.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Буга чейин маалымдалгандай, 28-августта Нидерландияда жүк ташуучу унаа элди сүзүп, 6 адам каза болгон.

Добавить комментарий