Өзгөн: автоунааны атып кетүү учурунда эки жигит каза болду

Унаанын жок кылынышы, натыйжада эки адам каза болгондугу тууралуу Ош облусунун басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөн шаарында жергиликтүү тургундарга кол салуу болду, деп билдирди 19-мартта Ош облусунун ИИБ басма сөз кызматы.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, 18-марттан 19-мартка караган түнү саат 03:35 чамасында ок жаракат алган эки адам аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факт боюнча материалдар КЖБPде катталган жана Кылмыш-жаза кодексинин 130 беренеси 2-бөлүк, 9-пункт («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ыкчам-иликтөө тобу жана РИИБ жетекчилиги ооруканага жөнөп кетишти. Ленин көчөсүндө Honda Inspeier автоунаасында үч жаран отургандыгы аныкталды – 31 жаштагы М.Ш., 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А. Бул учурда унаага белгисиз адамдар келип, ок чыгарышкан. Үчөөнүн ичинен алдыңкы жүргүнчү отургучунда отурган А.А. гана тирүү калган. Калган экөө ооруканага жетпей каза болушкан.

Шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды.

Аймактык оорукана бир адам башынан, экинчиси көкүрөгүнөн жаракат алгандыгын билдирди. Алынган жаракаттар жашоого туура келген эмес.

Өзгөн шаарынын Шарк кварталынын башчысы Муктар Ибрагимов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, каза болгон  31 жаштагы адам базарда бут кийим сатып жаткан, ал эми 21 жаштагы жигит уюлдук телефонго керектүү буюмдарды саткан. Алардын сөөгү моргдо.

Добавить комментарий