Матраимовду Өзбекстан Кыргызстандын атайын кызматына өткөрүп берди

Райымбек Матраимовдун бир тууганы чек арадан мыйзамсыз өтүү аракети учурунда аны коштоп жүргөн туугандары менен кошо качып кетүүгө аракет кылган Тилек Матраимов Кыргызстандын атайын кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Бүгүн, 2020-жылдын 9-октябрында, өзбек чек арачылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бузгандарды – 1967-жылы туулган Тилек Матраимов, 1989-жылы туулган Зиябиддинбек Кочкорбаев жана 1979-жылы туулган Ахмедов Масхуд жарандарын өткөрүп беришти.

«Бул адамдар 2020-жылдын 6-октябрында Өзбекстан Республикасынын чек ара кызматы тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп баратканда кармалган. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө органдары 2020-жылдын 9-октябрында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси боюнча катталган АИС КЖБРдин алкагында, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады», – деп айтылат билдирүүдө.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий