Z белгиси бар унаа: айдоочу милицияга жеткирилген

Бишкекте патрулдук милиция кызматкерлери терезесине Z белгиси түшүрүлгөн унаанын айдоочусун кармашты.

Бишкекте эркек киши унаасынын терезесине “Z” белгисин түшүрүп алган. Милиция кызматкерлери аны кармашты.

21-апрелде Бишкек ИИББинин 102 номуруна Тоголок Молдо көчөсүндө «Z» белгиси бар унаа тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери аталган жерге барышып, текшерүү учурунда 1977-жылы туулган Буйволов аттуу жаран унаасынын терезесине иш кагаздарын жүргүзүүчү шпаклевка менен «Z» белгилерин чийип алганы аныкталган.

Бул факты боюнча кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери айдоочуну Биринчи Май райондук ИИбге жеткиришкен.

Добавить комментарий