Ысык-Көлгө күн батареялары орнотулат

Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын түзүү пландалууда.

Бүгүн, 8-апрелде Бишкекте Эл аралык экология форумуна катышкан Кытай жана Испания энергетикалык компаниялары Ысык-Көл облусуна эки күн электр станциясын куруу ниетин билдиришти.

Тактап айтканда, Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кытайдын CPID консорциуму Ысык-Көлдө 1000 МВт күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюшту.

Ошондой эле, КР Энергетика министрлиги менен Испаниянын Ecoener энергетикалык компаниясы 260 МВт күн жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту

Добавить комментарий