Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады

Ысык-Көлдө кичи автобус менен Toyota Ipsum кагышып, жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам жабыркады.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

«Кырсык 17-декабрда Каракол-Эңилчек жолунун 3-чакырымында болуп, 6 адам ар кандай жаракаттарды алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге Каракол шаарынын ПСЧ-15 бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарга жардам көрсөтүшкөн.

Жабыркагандар тез жардам кызматы менен Ак-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген.

Добавить комментарий