Ысык-Көл облусунун Шаты айылында BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, бакты сүзүп, жол кырсыгынын кесепетинен унаа темир-тезекке айланып, бир адам каза болуп, дагы үчөө жаракат алды.
Бул тууралуу КРнын ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
«7-майда саат 00:57де Шаты—Ичке-Суу—Талды-Суу жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) BMW -525 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа бакты сүзгөн. Натыйжада 2003-жылы туулган жигит каза болуп, дагы 3 жигит жаракат алышты (үчөө тең 2003-жылы туулган)», – деп айтылат билдирүүдө.
Окуя болгон жерге 34-отрядтын куткаруучулары барышкан. Алар маркумдун сөөгүн алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Жабырлануучулар аймактык ооруканага жеткирилген.
Сүрөттөрдө кагылышуунун натыйжасында унаа темир-тезек болуп калгандыгы көрүнүп турат.