Ысык-Көлдө кроссовер жүргүнчүлөрдү ташыган автобусту сүзүп кетти

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда Nissan X-Trail кроссовери менен жүргүнчү Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Үч адам жаракат алган.

Бул тууралуу ЖКККБ басма сөз кызматы билдирди.

«Жүргүнчү Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаадан түшүп келе жатканда Nissan X-Trail үлгүсүндөгү унаа кичи автобусту сүзүп алган. Автобустун 1976-жылы туулган айдоочусу, Nissanдын 1984-жылы туулган айдоочусу жана 1994-жылы туулган жүргүнчү жабыркаган. Алар Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилди», – деп билдирди басма сөз кызматы.

Mercedes унаасынын айдоочусунун абалы оор.

Керектүү экспертизалар дайындалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Nissan унаасынын айдоочусу рулда уктап кеткен.

Добавить комментарий