Түп районунда 11-сентябрда адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болуп, каза болгондордун арасында балдар бар, дагы 4 жабырлануучу реанимацияга жаткырылды.
ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, 11-сентябрда саат 21:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 196-чакырымында “Фольксваген Пассат”, “Хонда Аккорд” жана “Субару” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы туулган К.Б., 1994-жылы туулган М.А., 1992-жылы туулган Д.Ч. (эркектер), 2008-жылы туулган Д.С. жана 2021-жылы туулган К.Н. (кыздар) каза болгон.
Мындан тышкары төрт адам: 1986-жылы туулган О.Р., 1992-жылы туулган К.Б. уулу (эркектер), 1983-жылы туулган К.Т. (аял) жана 2017-жылы туулган К.А. (кыз) жабыркаган.
Окуя болгон жерге ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн куткаруучулары жөнөп кетишти. Алар каза болгондордун сөөгүн унаалардан алып чыгышкан.
Жабыркагандар дарыгерлерге өткөрүлүп берилди. Алар Түп аймактык ооруканасына жаткырылды.