Кечээ, 10-июнда Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун Комсомол айылына жакын жерде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.
Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
«Volvo жүк ташуучу унаасы менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан. Төрт адам каза болду», – деп айтылат ӨКМ билдирүүсүндө.
ӨКМ кырсык болгон жерден сүрөттөрдү жарыялады: унаа жолдон чыгып кеткен, унаа жанчылып калган. Үч эркек жана бир аял ошол жерден каза болгон.
Куткаруучулар сөөктөрдү унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Кырсыктын чоо-жайы айтылган жок.
Кыргызстанда 2021-жылы 7 миң 437 жол кырсыгы катталып, мурунку жылга салыштырмалуу 21,3% көп. Кырсыктардан 800 жакын адам каза болгон.
Буга чейин премьер-министр Акылбек Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековго унааларды милдеттүү түрдө видеорегистратор менен жабдуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырган. Видеорегистратордун милдеттүү болушу боюнча норманы 2025-жылы ишке ашыруу сунушталууда.
Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, мындай мыйзамдын кабыл алынышы айдоочулар арасында тартипти бекемдеп, коомдук коопсуздукту чыңдоого жардам берет, ошондой эле кырсык болгон учурда талаш-тартыштарды чечүүгө жардам берет.