Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы: беш адам каза болду

Беш адам каза болуп, үчөө ооруканага жаткырылды. Бул кечээ, 21-июль 2021-жылы саат 21:30 чамасында болгон жол кырсыгынын натыйжасы.

Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун Чырпыкты жана Кош-Көл айылдарынын ортосундагы бөлүгүндө «Митсубиси Галант» жана «Лексус LX470» автоунаалары кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болгон: 1960-жылы туулган айдоочу жана «Митсубиси» унаасынын жүргүнчүлөрү — үч аял жана эркек киши.

«Лексусту» Бишкек шаарынын 1972-жылы туулган тургуну айдап келген.

«Лексус» унаасынын жүргүнчүлөрү — борбордун 1972-жылы туулган тургуну С.В., 2012-жылы туулган У.У., 2015-жылы туулган У.А. жана 1994-жылы туулган О.уулу Р., ооруканага жеткирилген.

Кырсык фактысы боюнча материалдар Ысык-Көл облусунун ИИБдин КЖБР каттоосуна алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий