Ысык-Көл облусунда 2-августта оор кырсык катталды: Казакстандын жарандары окуя болгон жерде каза болушту


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/08/speech-73615-1659500130-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Ысык-Көл облусунда 2-августта Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталып, анын себептери жана кесепеттери боюнча ЖКККБ басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.

2-август күнү саат 15:20 Ысык-Көл районунун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда жол кырсыгы болгондугу тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери жана шаардык милициянын кайгуул-күзөт кызматынын инспектору барган. ЖКККБ маалыматына ылайык, Кара-Балта шаарынын 2001-жылы туулган тургуну З.у.Э. «Опел-Зафира» үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, рулду башкара албай, кырсыкка кабылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, дөңгөлөк жарылып, кырсыкка себеп болгон.

Натыйжада Опелдин эки жүргүнчүсү 1982-жылы туулган И.Т. жана 1966-жылы туулган И.Г. окуя болгон жерден каза болгон. Айдоочу, ошондой эле дагы бир жүргүнчү 2001-жылы туулган Э.у.Н. Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө.

Маалыматтарга караганда, каза болгондор Казакстандын жарандары.

Бул факты Ысык-Көл РИИБде катталган. Экспертиза дайындалды.

Добавить комментарий