Ысык-Ата районундагы өрт: бир адам каза болду

Ысык-Ата районунда өрт учурунда дача күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен бир адам каза болду.  

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, өрт Нооруз дачасында жайгашкан үйлөрдүн биринен чыккан. 52 чарчы метр турак жай күйгөн. Үйдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Анын өздүгү аныкталды.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.

Добавить комментарий