Ысык-Ата районунда суу алдында эс алуу трагедияга айланды

Ысык-Ата районунда Эпкин айылында достору менен эс алып, көлмөдө сүзүп жүргөндө 16 жана 18 жаштагы эки кыз сууга чөгүп кетти.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Милицияга Ысык-Ата районунда Эпкин айылында жайгашкан көлмөдө 2003-жылы туулган жана 2005-жылы туулган эки кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн», – деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ билдиргендей, кыздарды издөө иштерине үч куткаруучу тартылган. Каза болгондордун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда Ысык-Ата районунун ИИБдин тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча керектүү экспертизалар дайындалды.

Чөгүп кетпөө үчүн сууда өзүн кандай алып жүрүү керек

Добавить комментарий