Депутат Канат Исаевдин агасы Талант Исаевге кылмыш иши козголду

ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгү («Кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирүү») боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Генерал-майор Талантбек Исаев ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын башчылыгына 2018-жылы октябрда дайындалган.

Талантбек Исаев 1966-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «тарых», 1994-жылы «укук таануу» адистиктери боюнча бүтүргөн. 1985-1987-жылдары советтик армиянын катарында Германияда кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу:

1990-1995 — КР ИИМинин саясий бөлүмүндө инструкторлуктан тарта бир катар кызматтарды аркалаган;

1995-1996 — КР ИИМинин Кадр башкармалыгынын Топтоо, кызмат өтөө жана эсеп бөлүмүнүн инспектору;

1997-2004 — КР ИИМинин Күзөт башкармалыгынын полк командиринин орун басары;

2005-2007 — ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт кызматы департаментинде полк командири;

2007-2008 — КР ИИМинин ички коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси;

2008 –2009 — ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт кызматы департаментинин жетекчиси;

2009 —2011 — КР ички иштер министринин орун басары;

2011-2012 — КР ИИМинин тарнспорт башкармалыгынын башчысы;

2012-2014 — КР ИИМинин жол кайгуул кызматынын жетекчиси;

2014-2017 —КР ИИМинин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси;

2018-жылдын 11-октябрь күнү кайрадан ИИМинин атайлаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Милициянын генерал-майору.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Добавить комментарий