Унаа уурдоого шектелип өспүрүм кармалды

Бишкекте укук коргоо кызматкерлери унаа уурдоого шектелген өспүрүмдү кармашты.

ПМКБнын Бишкек шаардык башкармалыгы унаа уурдоого шектүү адамды аныктап, кармашты.

Окуянын чоо-жайы

Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 20-сентябрда саат 00:30 чамасында 102 кызматына Октябрь районунун үйлөрүнүн биринен унаа уурдалгандыгы тууралуу чалуу түшкөн.

Ошол замат патрулдук милициянын инспекторлору окуя болгон жерге жөнөп кетишкен жана келгенден кийин жаран А.А. саат 00:20 чамасында Октябрь районунда «Хонда-Одиссей» унаасын уурдап, белгисиз тарапка качып кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. 

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө түшкөн арыздын негизинде кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган У.А. жана 2006-жылы Б.Ч. изи сууй электе кармалып, Октябрь РИИБине кошумча тергөө үчүн жеткирилген.

Бул факт КЖБРде катталып, КР Жазык кодексинин 206-беренесинин (Автоунааны уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

Добавить комментарий