Ош областынын Кара-Суу жана Ноокат районунун тургундары эң тартиптүү болушкан. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Мыйзам бузгандардын көпчүлүгү борбор калаада жашашат.
21-апрелдин кечинде жана 22-түнү Кыргызстанда коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 83 адам кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Беш унаа, унаа токтотуучу жайга коюлган.
Канча адам жана кайсы жерде кармалган:
- Бишкек — 59;
- Ош — 7;
- Жалал-Абад — 7;
- Сузак району — 5;
- Ат-Башин району — 3;
- Нарын — 2.
Кара-Суу жана Ноокат райондорунда укук бузуучулар катталган жок.
Коменданттык саат аяктагандан кийин кармалгандардын бардыгы үйлөрүнө коё берилген.