Украинанын Аскер-деңиз флоту россиялык «Василий Бех» буксирин жок кылды

Украинанын деңиз күчтөрү оккупацияланган Змеиный аралына ок-дарыларды, курал-жарактарды жана моряктарды ташыган россиялык «Василий Бех» кемесине кол салды.

Согуштун натыйжасында экипаждын 70% жабыркады, калгандарынын тагдыры белгисиз, деп билдирди «Түштүк» оперативдүү командачылыгы.

«Тор» зениттик-ракеталык комплекси менен жабдылганына карабастан, буксир сүзүүчү отко айланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, экипаждын 70% жабыркаган, калгандарынын тагдыры белгисиз. Душмандын кемелери издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө аракет кылууда», — деп айтылат командачылыктын билдирүүсүндө.

Кийинчерээк анын чөгүп кеткени белгилүү болгон. ЖМКлардын маалыматына караганда, буксирдин ичинде 26-33 адам болгон.

УКК кемеге 17-июнда эртең менен сокку урулганын кабарлады. РФ Коргоо министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Буксир россиялык деңизчилерди, курал-жарактарды жана ок-дарыларды, анын ичинде «Тор» зениттик-ракеталык комплексин (ЗРК) убактылуу басып алынган Змеиный аралына жеткирип жаткан.

Добавить комментарий