УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан 800 миң сомдук контрабандалык жүк кармалды

Мамай Аксы районунун аймагында чек арачылар жана УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасын кармашты. Ал Өзбекстандын аймагына өткөрүү пунктунан тышкары 800 миң сомго бааланган эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташууга аракет кылган.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Ошондой эле, Торук Ала-Бука районунда Daewoo-Nubira унаасы кармалып, айдоочусу Өзбекстанга дары-дармектерди ташууга аракет кылган. Дагы бир кыргыз жараны Монул аймагында төрт баш бодо малды айдап кетүү аракети үчүн кармалды.

Кармалгандар, аткезчилик жүк жана бодо малдар кийинки иликтөө иштери үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий