УКМК Бишкектин вице-мэрин, Госархстройдун кызматкерин жана жеке компаниянын башкы директорун кармады

Коррупциялык схеманы уюштурган деген шек менен укук коргоо кызматкерлери Бишкектин вице-мэри Азат Узаковду кармашты.

Вице-мэр менен бирге Госархстройдун турак-жай жана граждандык курулуш башкармасынын белумунун начальниги А.Э.Ж. жана «Г. П. С» ЖЧКнын генеральный директору Т.Г.Т. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Вице-мэр мамлекеттик аппараттын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген жылдары кылмыш жасаган деп шектелүүдө. УКМКнын версиясы боюнча, ал жеке компаниянын кызыкчылыгын лоббирлөө үчүн коррупциялык схеманы уюштурган.

Кеп Чүй районунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушу тууралуу болуп жатат. Мамкомитеттин маалыматы боюнча, У.А.С. Госархстрой жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен келишим түзүп, бир нече жолу «Г. П. С» ЖЧКсынын кызыкчылыктарын алдыга жылдырган. Тендердик мыйзамдардын талаптары, ошондой эле Курулуш нормалары жана эрежелери бузулуп, натыйжада объект жасалма түрдө пайдаланууга берилген. Мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген.

УКМК жарыялагандай мектептин курулушу иш жүзүндө бүтө элек, жер төлөсү ишке бериле элек, ашкана жана спорт залы жабдылган эмес, имараттын фасады оңдолбогон, аймак жашылдандырылбаган, өрт коопсуздугу системасы жок, электр менен камсыздоо иштери бүтө элек.

Шектүү үч адам УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайында. Бөлүм мамлекеттик бюджеттин, гранттардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен курулган бардык мектептерге карата текшерүү иш-чараларын жүргүзөт.

Добавить комментарий