Убактылуу кармоочу жайдан качып кеткендер кармалды

Кармалгандардын биринчиси, Кемин РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткендерди издөө боюнча уюштурулган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Даниел К.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аны Орловка шаарынын Подгорное айылынын жанынан райондук милиция кызматкерлери кармашкан.

Качып кеткен экинчи адамды издөө иштери улантылып, натыйжада, 2-майда саат 08:30да милиция кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Тынарбек уулу Миңбай аттуу шектүү кармалган.

Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Тынарбек уулу Миңбай менен Даниел Камчыбеков 1-майда болжол менен саат алтыда качып кетишкен. Бир-эки сааттан кийин Камчыбеков кармалган.

Качуу фактысы боюнча, сотко чейинки процесстин материалдары КЖБРде катталган.

Добавить комментарий