Токтогул району: убактылуу кармоочу жайда кармалгандар жерде укташат

Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайыгда кармалгандар жерде уктап жатышат. Бул чындык сүрөттөрдө катталган. Убактылуу кармоочу жайдагы абал тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор билдирилген.

Токтогул РИИБ убактылуу кармоочу жайында кармалгандардын укуктары бузулган

Токтогул райондук соту камактагы айрым адамдарга тыюу салуу чарасын камакка алуу түрүндө чыгарды, андан кийин алар Ош шаарындагы No5 СИЗОго өткөрүлүп берилиши керек болчу. Бирок, адамдар убактылуу кармоочу жайга 48 сааттан ашык, ал тургай 10 күндөн ашык камалган. Убактылуу кармоочу жайдвн администрациясы «Кылмыш жасаган деп шектелген жана айыпталган адамдарды кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө» КР Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарын аткарган эмес.

«Мыйзамга ылайык, айыпталуучу тергөө изоляторлорунда кармалып турса, тергөө аракеттерин жүргүзүүгө жана иштерди сотто кароого болот. Эгер мүмкүн болбосо, анда кармалган адам айына 10 күндөн ашпаган мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга которулушу мүмкүн. Андыктан, кармалгандардын эмне үчүн Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан 5-тергөө абагына которулбаганын билүү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу керек», – деп баса белгилейт УКМК.

Мындан тышкары, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенде адамдар милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшү керек. Бирок, кармалгандардын өздүк делолорун кароодо алардын экөөнүн медициналык справкасы жок экени, медициналык маалымкаттын бланктары толтурулбагандыгы аныкталган.

Адистер ошондой эле башка адам укуктарынын бузулушун жана адамгерчиликсиз мамиленин фактыларын табышты. 16 адамга ылайыкталган убактылуу кармоочу жайда 18 кармалган, алардын экөө жерге жатып укташкан.

Добавить комментарий