Токмокто айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кетти: милиция шектүүнү кармады

Бүгүн, 22-мартта түнкү саат 02:00 чамасында Чүй облусунун Токмок шаарында белгисиз айдоочу “Фольксваген” үлгүсүндөгү унаа менен Ленин жана Колхозная көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен. Болжол менен 50-55 жаштардагы адам алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Чүй облусунда «Перехват» планы киргизилген.

Вести.Kg билдиргендей, милициянын ыкчам аракетинин аркасында алар шектүүнү кармоого жетишкен. Ал 23 жаштагы А.И.М болуп чыкты. 

Айдоочу тергөө бөлүмүнө жеткирилип, унаасы убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлдү.

Добавить комментарий