Токмок шаарында жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, укук коргоо органдарына Чүй районунун Арал айылынын жашоочусу 6 жаштагы кызга карата бузуку иш-аракеттерди жасагандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.
«Факт ЕРПП менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин «Бузук жыныстык аракеттер» беренесинде каралган кылмыштардын негизинде катталган. Шектүү 28 жаштагы Ш.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат”, – деп жыйынтыктады департамент.