Токмок: үч киши кудукта каза болду

Токмокто скважина орнотуу учурунда үч адам каза болду. Ошондой эле эки жабырлануучунун абалы оор экени кабарланууда.

Министрликтин маалыматына караганда, Жантаев көчөсүндө беш адам кудук үчүн чуңкур казып, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан. Кудуктун тереңдиги 18 метр, диаметри 1 метр.

ӨКМ жумуш учурунда бир киши аба жетпей өзүн жаман сезип, кулап түшкөнүн билдирди. Экинчиси аны сууруп алгысы келип, эсин жоготуп жыгылган. Аларды куткарууга дагы үч адам аракет кылышкан, бирок ылдыйга түшкөндө алар да өздөрүн жаман сезишкен, деп билдирди министрлик.

Анын кесепетинен 42, 40 жана 35 жаштагы үч адам каза болгон. Жабыркагандар 23 жана 33 жашта. Куткаруучулар жабыркагандарды жана каза болгондордун сөөгүн алып чыгышкан.

Министрлик 10 метр тереңдикте дизель майынын жыттанып жатканын белгиледи. Жакын жерде мунай базасы бар.

Добавить комментарий