КР УКМКнын басма сөз кызматы укук коргоо органынын кызматкери кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, кылмыш жасагандыгы үчүн кармалгандыгы жөнүндө билдирди.
Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалганы маалымдалды.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 27-мартта Ноокен районунун Массы айылында майда бейбаштык фактысы боюнча арыз ээсинин жашы жете элек тууганына козголгон кылмыш ишиндеги оң чечим үчүн 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда, тергөөчү Ноокен РИИБдин Тергөө кызматынын, милициянын капитаны «Р.у.Н.» жана жалган жараны «Э.К.» кармалган.
«Пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда.