Телеграм каналы аркылуу баңгизат таратуучулар кармалышты

Борбор калаанын Октябрь районунда мефедрон телеграм каналы аркылуу сатылган.

«Шектүү эки адам кармалды, кылмыш иши козголду», – деп билдирди Октябрь РИИБ басма сөз кызматы.

16-сентябрда милицияга белгисиз адамдар Telegram каналы аркылуу баңгизат таратып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Каналдын администратору аткаруучуларга товардын сакталуу ордун көрсөткөн жана алар сатуу үчүн баңгизатты ар кайсы жерге таштап кетишкен (кыстармалар).

Бул факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр 2002-жылы туулган Ж. А. жана 2003-жылы туулган К.З., убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Шектүүлөрдүн катышуусу менен атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мефедрон кыстармалары аныкталды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды», – деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кылмышка тиешеси барларды издеп жатат.

Добавить комментарий