
Бишкектин Биринчи Май райондук ИИБде таштанды таштоочу жайдан жарым-жартылай чирип калган өлүк табылганын билдиришти.
102 кызматына таштанды таштоочу жайдан адамдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган жерге ШМБ-5 тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен.
Белгиленгендей, соттук-медициналык эксперт окуя болгон жерден өлүктү карап чыгып, акыркы стадиясында чиригендиктен маркумдун жынысын аныктай алган эмес. Маркумдун жынысын, өлүмүнүн себебин жана убактысын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.