Талкууга түшкөн унаанын айдоочусу табылды

Соңку убакта талкууга түшүп жаткан мамлекеттик номери 01/KG 578 ACD Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын ээси табылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам-издөө аракеттеринин натыйжасында эреже бузган айдоочунун өздүгү аныкталып, машинасы айып короого киргизилген.

«Автоунаанын ээси Бишкек шаарынын 22 жаштагы Н.Т. аттуу тургуну болгон. Ага карата Эреже бузуулар кодексинин 121-беренесинин 4-бөлүгү («Мамлекеттик номерлерди жасалмалоо») боюнча протокол толтурулду», — деп айтылат маалыматта.

Унаага жасалма номер таккандардын айып пулу үч эсеге көбөйүшү ыктымал
Буга чейин соцтармактарга ак түстөгү Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу эреже бузганы боюнча «Коопсуз шаардын» камерасына түшүп калган сүрөтү жарыяланган. Ал машинанын номери жасалма экени айтылып, ошол эле номер бир нече автоунаага тагылганы белгилүү болгон. Айрым ЖМКлар айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов экенин, кээ бирлери прокуратура кызматкери болгонун жазышкан.
Ал эми ЖКККББдан айдоочунун Мамлекеттик каттоо кызматында жана прокуратурада такыр иштебегенин билдиришти.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогулган материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлдү.

Добавить комментарий