Талас: аял күйөөсүн балта менен жарып өлтүрдү

Талас облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, Манас районунда 1994-жылы туулган эркек киши, үч баланын атасы, балтанын кесепетинен каза болгон.

Манас районунда изи сууй электе милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүүнү кармады.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 30-январында саат 06:30 чамасында Новодонецк айылынын 1994-жылы туулган тургуну «Н» аттуу, зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн (бетинде жана башка денесинин бөлүктөрүндө ачык жаракаттар бар) сөөк табылган.

Бул факт атайын журналга катталган. Манас РИИБдин ыкчам-тергөө тобу аталган жерге жөнөп кетишти. Текшерүү учурунда коридордон 1994-жылы туулган Х.Н.нын жансыз денеси чалкасынан жаткан абалда табылган. Денеде бир нече бычак жана кесилген жарааттар болгон.

Бул факт боюнча материалдар КЖБРде катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-пункту менен кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бетин ачуу үчүн Талас облусунун ИИБнын жана Манас районунун ИИБнын кызматкерлеринен атайын топ түзүлгөн. Шектүү ошол эле күнү кармалган. Бул өлтүрүлгөн адамдын аялы болуп чыкты. Кийин белгилүү болгондой, алар ошол күнү мушташкан. 1994-жылы туулган аял Кара-Буура РИИБинин убактылуу кармоочу жайына чыгарылды.

Бул иш боюнча экспертизалар дайындалды. Үй-бүлө башчысын балта менен чабып өлтүргөн.

Жубайлардын 3 баласы бар экени кабарланууда.

Добавить комментарий