Төө-Ашуу ашуусундагы кырсык: жабыркаган төрт адам ооруканага жеткирилди


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/09/speech-76965-1663942085-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бейшемби күнү, 22-сентябрда Төө-Ашуу ашуусунда жол кырсыгы катталганы белгилүү болду. Кырсык К.Көлбаев атындагы тоннелдин кире беришинде болгон. Жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышып, 4 адам жабыркады.

Бул тууралуу Turmush басылмасынын Чүй ОИИБдин ЖКККБ басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Кырсык 22-сентябрда саат 15:40тар чамасында болгон — КамАЗ менен Хонда Стэпвагон үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Жүк ташуучу унааны Панфилов районунун Күрпүлдөк айылынын 1971-жылы туулган тургуну А.У. башкарган. Жүк ташуучу унаа Бишкекти көздөй бара жаткан. Жүк ташуучу унаа тоннелге кирип бара жатып, Талас районунун Манас айылынын 1978-жылы туулган тургуну Ж.Т.нын башкаруусундагы Хонда үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Кырсыктан Хонда унаасынын жүргүнчүлөрү жабыркаган:

  • Бишкек шаарынын тургуну 1962-жылы туулган К.И.;
  • Бишкек шаарынын тургуну 1954-жылы туулган С.М.;
  • Бишкек шаарынын тургуну 1975-жылы туулган К.Б.;
  • Кара-Кой айылынын тургуну 1936-жылы туулган Э.Б. 

Добавить комментарий