Свердлов районунда «Кайырчы» рейди өттү

Аталган башкармалыктын балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана Свердлов районунун акимчилигинин өкүлдөрү «Кайырчы» рейди өткөрүштү.

Свердлов РИИБ басма сөз кызматы билдиргендей,

Иш-чара Дордой, Аламүдүн, Мадина, Ак-Эмир, Чынар, Таалай базарларында, ошондой эле Свердлов районунун аймагында жайгашкан соода борборлору менен мечиттерде өттү.

Профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында чоңдордун коштоосуз жүргөн 40 жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталган. Алардан:

КР ИИМдин Борбордук педагогикалык борборуна 17 өспүрүм жеткирилди.

3 өспүрүм кармалып, “Айданек” жашы жете элек балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирилген.

Жашы жете элек 20 баланын өздүгү такталып, мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий