Сокулук: милиция унааны кууп кеткен адамды кармады

Унаа уурдаган адам кармалгандыгы тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Бул 52 жаштагы С.У.

Белгиленгендей, Volkswagen унаасынын уурдалганы тууралуу билдирүү милицияга 4-ноябрда келип түшкөн. Факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Автоунааны уурдоо» беренеси боюнча катталган.

«Үч күндөн кийин Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери автоунааны Селекционный айылынан табышкан. Кылмышка шектүү деп 52 жаштагы С.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», – деп билдиришти ШИИБде.

Добавить комментарий