“Санарип Тамга” долбоору “Достук” өткөрмө пуктунда башталды

Мамлекеттик бажы кызматы, бажы жол-жоболорун санарип форматка өткөрүү жана өткөрүү пункттары аркылуу товарлардын транзиттик убактысын тездетүү алкагында, Түштүк-Батыш бажысынын “Достук” өткөрүү пунктунун базасында мамлекеттик органдардын чек арадагы электрондук өз ара аракеттенүүсү боюнча пилоттук долбоорду баштады.

Бул тууралуу 11-декабрда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Бажы кызматы тарабынан демилгеленген иш-чара өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоо органдары жүргүзгөн тиешелүү жол-жоболорду оптималдаштырууну билдирет.

Иштелип чыккан программалык камсыздоо чек арадагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен МБК маалымат базасына берилген алдын-ала маалыматтарды бөлүшүүгө, товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматты ар бир мамлекеттик орган үчүн автономдуу тутумду киргизбестен иштетүүгө мүмкүндүк берет.

Башкача айтканда, чек арадагы көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдар тышкы соода катышуучулары тарабынан бажы кызматына алдын-ала берилген маалыматты 30 күндүн ичинде, бирок автоунаа өткөрүү пункттарына товар келгенге чейин эки сааттан кем эмес убакытта ала алышат.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, бул иш-чара тышкы экономикалык иш-аракеттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, товарларды өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүүдө тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары үчүн убакыт чыгымдарын азайтуу менен республиканын транзиттик өлкө катары жагымдуулугун жогорулатат.

Билдирүүгө ылайык, ошондой эле өткөрүү пункттарында көзөмөлдүн бардык түрлөрүнүн өтүү убактысын туруктуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. “Санарип Тамга” бажы кызматынын мамлекеттик органдар жана бизнес коомчулугу менен өз ара аракетин сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарат.

Добавить комментарий