Садыр Жапаров Иран президентинин инаугурациясына катышпайт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Иран президентинин инаугурация аземине Тегеранга учкан жок. Салтанатка Кыргыз Республикасынын атынан парламент төрагасы Талант Мамытов катышат. Учурда ал иш сапары менен Тегеранда.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев менен Замирбек Эсенаманов, ошондой эле КРнын Иран Ислам Республикасындагы элчиси Турдакун Сыдыков бар.

Делегация Иран Ислам Республикасынын Президенти Аятолла Сейед Ибрагим Раисинин расмий инаугурация аземине катышат.

Жумушчу сапардын алкагында спикер Талант Мамытовдун Иран лидерлери менен, ошондой эле инаугурация аземине келген чет элдик делегация башчылары менен бир катар жолугушууларын өткөрүү пландалууда.

Добавить комментарий