
Кыргызстандын ТИМи уурулук боюнча айыпталган өлкөбүздүн жаранынын соту кандай жүрүп жатканы тууралуу айтып берди
Новосибирсктеги Башкы консулдук 7 миллион рубль уурдаган деп айыпталган Кыргызстандын жаранынын жакындары жана адвокаттары менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп турат. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Башкы консулдуктун кызматкерлери соттук отурумдарга катышып, материалдарды чогултууга керектүү жардамдарды беришет.
«Новосибирск шаарындагы Башкы консулдук өз компетенциясынын алкагында 2021-жылдын 4-ноябрында Кыргызстандын жараны кармалган учурдан тартып ага керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. 2022-жылдын 28-декабрында жана 2-февралында Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна жаран А.Б.нин бөгөт коюу чарасын камакка алуу менен байланышы жок өзгөртүү боюнча өтүнүчтөр келип түшкөн», — деп белгилейт ТИМ.
Новосибирск шаарында кыргызстандык 44 жаштагы аялдын үстүнөн сот иши жүрүп жатат. Ал 7 миллион рубль уурдаган деп айыпталууда.