Балдар порнографиясын тараткан деген айып менен мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Россияда кармалды. Чүй облустук ИИББдан алынган маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында тартылган балдар порнографиясын таратуу фактылары аныкталгандан кийин иликтөө иштери башталды.
Тергөөнүн версиясы боюнча, жаран Э.А. жаш карындаштарынын жыныстык органдарын видеого тартып, бул материалдарды өзүнүн аккаунттарына сактап, кылмыш жасаган. Шектүүлөрдүн аккаунттарынан сексуалдык зомбулукка кабылган жаш балдардын видеолору да табылган.
Маалым болгондой, кылмышка шектүү Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен, 21 жаштагы Э.А. бузуку иштери үчүн издөөгө алынган, андан кийин ал Россияда кармалган. Кыргызстанга экстрадициялангандан кийин ал бир айга камакка алынган.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда балдар порнографиясы тартылган сайттарды түзүү фактылары аныкталган. Кылмышка шектүүлөрдүн бири Бишкектен кармалды.