РФ аскерлери “Азовстальдан” жарандарды эвакуациялоо үчүн унааны аткылашты

Орустар кыйратылган Мариупольдогу «Азовсталь» заводунун аймагындагы адамдарды эвакуациялоого арналган машинаны аткылашты: бир жоокер набыт болду, 6 киши жарадар болду.

Бул тууралуу 6-майда Азов полкунун телеграм-каналында кабарланды.

Орус армиясы ок атышпоо учурунда танкка каршы ракеталык системаны колдонгон имиш. Автоунаа карапайым адамдарды заводдон эвакуациялоо үчүн көздөй бара жаткан. Атылган октун натыйжасында бир согушкер набыт болуп, алтоо жарадар болгон.

«Душман бардык келишимдерди бузууну улантууда жана жарандарды эвакуациялоонун коопсуздугу боюнча кепилдиктерди аткарбай жатат», – деп айтылат билдирүүдө.

Азов полкунун командири Денис Прокопенко бир күн мурда заводдо экинчи күндөн бери катуу салгылашуулар жүрүп жатканын билдирген. Орус аскерлери Мариуполдогу каршылык көрсөтүүнүн акыркы борбору болгон заводдун аймагына кирди. Заводдун баш калкалоочу жайларында жүздөгөн жарандар калды, алардын айрымдары бир нече күн мурун эвакуацияланууга жетишкен, бирок азыр алардын канчасы калганы так белгисиз.

Өз кезегинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Москва жана Киев менен Мариупольдон жайкын тургундарды жаңыдан эвакуациялоо боюнча байланышты улантып жатканын билдиришти.

Добавить комментарий