Психо-неврологиялык диспансердин башчысы ээлеген кызматынан бошотулду

Жалал-Абад облусунда психоневрологиялык оорукананын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлгөн.

Ошентип, оорукананын башчысы Г.М. тарабынан адам өлтүрүүгө айыпталган психикалык оорулуу адамга карата соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча сот органдарына мыйзамсыз сунуштама берилген.

Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен Саламаттык сактоо министрлигине Г.М.га карата катуу тартиптик чараларды көрүү сунушу киргизилген. Натыйжада Г.М. ээлегее кызматынан бошотулду.

Добавить комментарий