Профилактикалык иштерди жүргүзүү учурунда 21 уурулуктун бети ачылды

Он күн ичинде милиция кызматкерлери тарабынан башка адамдардын мүлкүн уурдоого байланыштуу 21 кылмыштын бети ачылды.

Маалым болгондой, Жайыл районунда 10-октябрдан 20-октябрга чейин кылмыштуу топторду аныктоо максатында «Ууру» рейди жүргүзүлгөн, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Күн сайын эртең менен рейдге чыгуунун алдында милиция кызматкерлерине көрсөтмө берилген. Алар көчөлөрдү кыдырып, калк арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, райондук, үй комитеттери, айыл башчылары менен баарлашты, “Өз мүлкүңүздү уурулуктан кантип сактоо керек” деген профилактикалык баракчаларды илишти.

Рейддин жүрүшүндө 21 бирөөнүн мүлкүн уурдоо фактысынын бети ачылып, үч адам ар кандай кылмыштар менен кармалган жана ИДН кызматкерлери тоноо фактысын аныкташкан.

Жайыл районунун тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда, милиция кызматкерлери жарандардан өз мүлкүнө кылдаттык менен мамиле жасап, коопсуздук эрежелерин сактоону суранышты.

Добавить комментарий