Польша: эки кыргызстандык кармалды

Польшада 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргызстандын эки жараны кармалды. Кармоо КР ИИМ Интерполдун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн.

Бул тууралуу укук коргоо органынан билдиришти.

Анын айтымында, бирөө Сириядагы куралдуу кагылыштарга катышканы үчүн, экинчиси Жаза аткаруу кызматынын абактарынан качып кеткени үчүн издөөдө жүргөн. Экөө тең 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Басма сөз кызматы кошумчалагандай, 2021-жылы КР ИИМдин Интерпол кызматкерлери тарабынан 45 айыпталуучу кармалган.

Эл аралык издөө: 14 – башка өлкөлөрдө, 31 – КРда.

Кыргызстанда Интерпол тарабынан уурдалган деп катталган 10 унаа табылды. Алты жараксыз айдоочулук күбөлүк жана жасалма паспорт аныкталган.

Добавить комментарий