Полковник Аскарали Мухамадиевдин өлүмүнүн чоо-жайы белгилүү болду

Баткен облусунун ИИБде милициянын башчысынын орун басары болуп иштеген милициянын полковниги Аскарали Мухамадиевдин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн чоо-жайы маалымдалды.

Басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышка шектүү катары подполковниктин жээни кармалды.

27-март күнү саат 11.17 чамасында РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө облустук ооруканадан 47 жаштагы Аскарали Мухамадиев жандандыруу бөлүмүндө каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ал көкүрөгүнө бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу жана РИИБдин башчысы Мурат Боронов жөнөп кетти.

Маалым болгондой, жаракат алган милициянын подполковнигин бейтапканага белгисиз бирөөлөр алып келип, таштап кетишкен.

Аталган факты боюнча КР Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Башталган иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары бир нече жолу соттолгон Аскарали Мухамадиевдин жээни 34 жаштагы Нурбек С. экени аныкталган. Ал Пүлгөн айылынан кармалган. Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий