Патрулдук милиция кызматкери мыйзамга ылайык иш алып барган

Бишкектеги сейил бактардын биринде патрулдук милицияга карата ок атуу ички аудити аяктады. Анын корутундусунда, Патрулдук милициянын инспектору карантиндик эрежелерди бузгандардын кол салуусунун алдын алуу максатында кызматтык куралды колдонууга мажбур болгон.

“Милиция кызметкери бир топ кишини байкап, аларга келип, карантин режимин бузууга байланыштуу, таркатууну суранды. Ага жооп кылып, белгисиз адам агрессивдүү иш алып барып, инспектор менен чыр-чатакка келип, кызматтык куралын тартып алууга аракет кылган. Башкы сержант абага ок чыгарууга аргасыз болгон, андан кийин кол салгандар артка чегинип кетишкен”, – деп айтылат департаменттен.

Борбордук ички иштер башкармалыгы милиционердин «Ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине («Ок атуучу куралды колдонуу жана колдонуу») ылайык иш-аракет кылгандыгын белгилешти.

«Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, өзгөчө кырдаалга катышкандарды издөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий